Menu

ИИМ: Кыргыз-тажик тилкесиндеги чыр-чатакты иликтөө жана келтирилген чыгымдарды эсептөө боюнча 52 ыкчам-тергөө тобу иштөөдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-майга карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Чек арага чектеш айылдар милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө.

ИИМдин “Шер” атайын багыттагы отряды менен УКМКнын Чек ара кызматынын “Бөрү” атайын дайындоодогу отряды күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда Бишкек, Ош шаарларынан, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарынан жөнөтүлгөн ыкчам-тергөө топтору иштеп жатат.
Бүгүнкү күндө 52 ыкчам-тергөө тобу чыгымдарды тактоо боюнча иштерди жүргүзүп, тажик тараптан курал колдонулганы жөнүндө далилдерди документтештирип, топтоодо. Андан сырткары, милиция кызматкерлери жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: