Menu

Бишкек шаардык прокуратурасынын бөлүм башчысы 20 миң доллар пара алууга шектелип кармалды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөө ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бөлүмдүн башчысы К.У.А. аттуу жаран 7-майда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Белгиленгендей, 2020-жылдын декабрь айында жогоруда аталган кызмат адамы жер казынасын пайдалануу укугуна беилген лицензиянын жокко чыгарылышына жол бербөөгө убада берип, 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алган. Мындан тышкары, К.У.А. өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып арыз ээсинен батирин оңдоону, анын ичинде 450 миң сомдон ашык суммага эмерек жана тиричилик техникаларын сатып алууну талап кылган.

Учурда зарыл болгон тергөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: