Бүгүн, 8-майга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 416 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 246, Ош – 10, Чүй облусунан – 110, Ош облусунан – 3, Нарын облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 25, Жалал-Абад облусунан – 15, Баткен – 2. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 98 079 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 308 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 91 267ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 202, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 77, Ош облусунан – 2, Талас облусунан – 2, Нарын облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 14, Жалал-Абад облусунан – 4.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 4, Чүй облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1649га жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ