Menu

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин кайрылуусу

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-майда КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү Абдикарим Алимбаев элге кайрылуу жасады.

Төмөндө облус жетекчисинин кайрылуусу:

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу Баткен облусунун тургундары!

Биз баарыбыз эң оор жана жооптуу күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз.

 Чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечебиз деген ой тилектерибиз орундалбай, тескерисинче куралдуу кагылышуулар орун алып, 36 жараныбыздан айрылдык.

 Дагы 190 адам жаракат алды. Жүздөгөн жарандарыбыз турак жайсыз калып, бир катар социалдык обьекттер жараксыз абалга келди. 

Мекен чегин коргойм деп окко учкан баатырларыбыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Алардын жакындарына сабыр тилейм, аза кайгысын тең бөлүшөм. 

Урматтуу кең пейилдүү, сабырдуу, баткендик бир туугандарым!

Эң негизгиси эки тарап бир пикирге келип, тынчтыкты сактап калдык. Учурда кырдаал турукташууда.  Куралдуу кагылышуулар токтоду. 

Урматтуу Президентибиз Садыр Жапаров,  Баткен жергесиндеги кырдаалды жеке көзөмөлүнө алып, жабыр тарткан аймактарга атайын иш сапары менен келди.

Аймактарда калыбына келтирүү жумуштары кыска аралыкта бүтөөрүн,  тийишүү каражаттар жетиштүү бөлүнөөрүн жана жабыр тарткан адамдардын баарына тең камкордуктар көрүлөөрүн айтты. Ошондой эле  каза болгон мекендештерибиздин үй-бүлөлөрүнө, мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн айтты.  

Баткен өрөөнүнө жакынкы арада өзгөчө статус берилип, чек ара маселелери ыкчам чечилээри боюнча да Президентибиз Садыр Нургожоевич, Баткенге болгон иш сапарында кеңири токтолду. Буюрса баары ордуна келет. Буюрса Баткен облусуна мамлекет тарабынан зор колдоолор болот. 

Мен Баткен облусунун башчысы катары кызматка дайындалышымды, чоң жоопкерчилик деп кабыл алдым. 

Алдыда сиздер менен тыгыз байланышта болуп, аймактын көйгөйлөрүн чечүү, ар тараптуу өнүктүрүүгө болгон күч аракетти жумшайбыз. 

Ыйык Рамазан айында баарыңыздарды сабырдуулукка жана бир болууга чакырам. 

Учурдан пайдаланып, Баткен элинин оор кайгысын тең бөлүшүп, жардам колун сунган ар бир кыргызстандыктарга жана эл аралык коомчулукка чын дилден ыраазычылык билдирем. 

Урматтуу  мекенди коргоочулар!

Жоокерлер, сержанттар, прапорщиктер, офицерлер!

Учурдан пайдаланып, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн, коопсуздугун сактоодо жана ар тараптуу өнүгүүсүндө, сиздердин эмгегиңиздерди баалагым келет. 

Өзгөчө, эки өлкө менен чектеш жайгашкан Баткен облусунун  азаматтары, чыныгы мекенчилдик, эркттүүлүк, тайманбастык сапаттарга ээ экенин баса белгилейм. 

“Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” деген улуу сөз, такталбаган чек арада кызмат өтөгөн сиздерге гана таандык.  

Ар бириңиздердин аракетиңиздер, Кыргызстан элинин бүтүндүгүн сактап, мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталган деп ишенем.

Урматтуу облусубуздун калайык калкы!

Азыркы тапта биздин алдыбыздагы негизги максат, аймактагы кырдаалды толук турукташтыруу.

Коомдук коопсуздукту камсыздоо

Анткени тынчтык, туруктуулук бар жерде, өнүгүү болот. 

Эл менен тыгыз байланышта болуу, маселелерди жеринде чечүүгө өзгөчө маани берилет. 

Облустагы бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине, кызматкерлерине өзгөчө тартип талап кылынат.

Жергиликтүү бийликтин ишин илгерилетүүдө, ар бир кызматкердин өз ишине болгон жоопкерчилиги маанилүү.

Баткен облусу эки мамлекет менен чектешкен стратегиялык аймак. Баткенде кызмат өтөө башка аймактарга салыштырмалуу өтө жооптуу жана сыймыктуу.

Ар бирибиздин алдыбызда, аймактын коопсуздугун камсыздоо, социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, элинин бакубат жашоосун камсыз кылуу милдети турат. 

Ошол эле учурда элибизди, бир муштумга түйүлүп, бардык маселелерди биргеликте, макулдашуу менен чечүүгө чакырам. 

Буюрса Баткен облусуна мамлекет тарабынан зор колдоолор болот. 

Жергебизде тынчтык,элибизде ынтымак болсун. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: