КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын эли менен жолукту. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу алгач, кыргыз-тажик чек арасында орун алган каргашалуу окуядан каза болгон жарандарга багыштап, куран окуу менен башталды.
Жолугушууга бардык облустук мекеме ишканалардын жетекчилери катышып, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жарандардын бардык суроолоруна жеринде жооп алууга шарт түзүлдү.
Жергиликтүү тургундар чек арадагы куралдуу кагылышуудан улам, жараксыз абалга келген турак үйлөрүн калыбына келтирүү иштерин тездетүүнү суранышты. Белгилей кетсек аталган аймактын Көк-Теерек айылында 18 турак үй толугу менен өрттөнгөн.
Ыйгарым укуктуу өкүл, КРнын Президентинин Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча атайын өкүлү дайындалганын, бул багытта атайын мамлекеттик программа ишке ашырылаарын, ар бир турак жай, социалдык обьекттер кайра курулуп, ондоп түзөө жумуштары жасалып, калыбына келтирилээрин билдирди.
Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жапа чеккен жарандардын документтештирүү иштерин тездетүү, жеринде барып, жергиликтүү тургундарга жардам көрсөтүү боюнча, мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине тапшырма берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ