Menu

Казакстанда абакта отурган жаран камактагылардын биринин колунан каза болду

Бөлүшүү:

Казакстандын Павлодар шаарындагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адам камактагылардын биринин колунан каза болду. Бул тууралуу облустук жазаларды аткаруу департаменти кабарлады.

Мекеме башчысы Адлет Мустафиновдун айтымында, адам өлтүрүү үчүн соттолгон 44 жаштагы жаран камактагылардын бири менен уруша кетип, аны катуу сабап салган. Жыйынтыгында берки жаран алган жараатынан улам көз жумган.

Маалыматка караганда, окуя 8-май күнү кечинде абактын санитардык жайында болгон. Жабырлануучу мекеме жетекчилигине медициналык жардам сурап кайрылган эмес. Эртеси алган жаракаттарынан улам өзүнүн керебетинде каза болгон.

Жергиликтүү басылмалар маркум жашы жете элек кызды зордуктоо айыбы менен соттолуп, Павлодар шаарындагы абакка жакында эле жеткирилгенин кабарлап жатышат.

Департамент бул факты боюнча тергөө иштери башталганын, «аталган абакка ыкчам-тергөө тобу, прокуратуранын, коопсуздук кызматынын, жазаларды аткаруу департаментинин жана коомдук байкоочу комиссиянын өкүлдөрү жөнөп кеткенин» кабарлады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: