Menu

Иманкадыр Рысалиев, саясатчы: Эмнеге Жогорку Кенештин депутаттары «чимкириктерге» айланды?

Бөлүшүү:

Биз эч кимди шылдындап, басынтып же каралагыбыз деле келбейт… Биз бул укмуш феноменди талдап көрүп, түшүнгүбүз келип жатат. Эмнеге Атамбаевдин бир айтып койгону менен эле «чимкирик» деген кемсинтүүчү сөз байыркы акылгөй элдин аң сезимине сиңип кетти?

2010-жылдагы Конституцияны мурунтан жалпыга таанылган парламенттик жана президенттик башкаруу формаларынын стандарттарына шайкеш келүүсүн талдап көрүп, андан толук кандуу иштей турган парламентаризмди да, жана айкын президенттик моделди да көрө албадык. Жөнөкөй тил менен айтканда, 2010-жылдагы Конституцияда «Колу жок, буту жок, рулу жок, ачык-айкын багыты жок автоунаага отуруппуз да, баарыбыз эле кыйкырып, чуру-чуу түшүп, кокуйлап эле жатабыз, бирок эч кимибиз эч жакка шашкан жерибиз жок, бир жерди таптап эле турабыз».

2010-жылдагы Конституциянын ачык-айкын, так эмес жана карама-каршы болушунан улам, Кыргызстан баары эле сүйлөй берген, бирок жоопкерчилиги жок өлкөгө айландык. Ушул мезгил ичинде – парламентке кайра эле баягы жадаткан, уят-сыйыты жок «чимкириктер» келип өтүп, 2020-жылдын октябрында кезектеги төңкөрүш чыкканга чейин эл кыжыры кайнап, карап отурду.

Эмне үчүн мындай окуялар болуп кетти жана бул жерде 2010-жылдагы Конституциянын эмне тиешеси бар?

Балким билбегендиктенби, же атайын элеби, айтор, 2010-жылдагы Конституцияда депутаттар баардыгына кийлигише берген, бирок эч нерсеге жооп бербеген, ал эми Өкмөт тескерисинче, баардыгына жооптуу болуп, бирок чечимдерин чыгарууда парламентке жана  президенттин администрациясынын эркине үтүр, чекитине чейин көз каранды болуп, өзү эч нерсени чечүүгө укуксуз болгон, бийлик жана мамлекеттик түзүлүшү киргизилген.

Депутат болуш түз да, кыйыр да маанисинде өтө  пайдалуу да, ынгайлуу да болуп калды. Биринчиден, бардыгында жеке унаасы, айлыгы жакшы жеке секретаршасы, жеке жардамчысы бар, акысыз уюлдук байланышы бар, өлкө ичиндеги каалаган сапары мамлекеттин эсебинен төлөнөт. Ай сайын депутаттар 40 миң сомдон күтүүсүз чыгымдарына алышат, аларга отчет беришпейт. Экинчиден, дээрлик бардык депутаттар туугандарын, жакындарын, досторун жана тааныштарын кызматтарга орноштура беришип, басып жүргөн кадрлар бөлүмүнө айланышты. Үчүнчүдөн, депутаттардын негизги киреше булагы – ата мекендик бизнеске кыянаттык кылуу менен чет элдик фирмалардын кызыкчылыгын көтөрүү болуп калды. Муну депутаттар ачык эле, бетпактык менен жасашчу, анткени оозеки айткандарын далилдеп берүүгө болбошун билишчү. Министрлерди, чиновниктерди мыйзамсыз чечимдерге кол коюуга мажбурлап, өздөрү четте карап турушчу. Ошон үчүн ар бир депутат өзүн министр сезип, фракция лидерлери өздөрүн премьер-министр сезип калышкан. Депутаттардын мыйзамсыз иштери андан көп, ошон үчүн азыр октябрь төңкөрүшүнөн кийин алар дымып, унчукпай отурушат, жана кандай болбосун чечимдерди колдоп берип жатышат. Депутаттардан принципиалдуулукту жана акыйкаттуулукту күтүү – бул келесоонун иши, алар кара санатай болгону үчүн эмес, алар мамлекеттик кызыкчылыкты кыпындай да ойлоп койбогондору үчүн! Анткени алар өздөрүнүн андан көп эселентип көбөйтүп алуу үчүн, акчаларын партиянын “общагына” салышкан. Шайлоо алдындагы какшаган убадаларын эстеп да коюшпайт, парламентке кирген партиялар кийинки шайлоого чейин иштеринин баарын жыйыштырып коюшат. Жеке жана партия ичиндеги талаштар парламенттик фракцияларга өтүп, ошол жактан кызматтарды, тендерлерди жана бюджеттин акчаларын бөлүштүрүү иши башталат. Депутаттар бат эле конституциялык-бычылган импотенттерге айланып отуруп калышат! Мунун баары кыргыз элинин башына бүткөн балээ…. коомдун саясий рак шишиги.

Эми жаны парламент да Кыргызстандын денесиндеги рак шишигине айланбашы учун эмне кылыш керек?

Эң биринчиден, Жогорку Кенешти күтүүгө болгон каражаттарды кескин азайтуу керек. Эгерде депутат – элдин кызматкери болсо, анда ал элге льготалар же артыкчылыктар үчүн эмес, таза идея үчүн, жөнөкөй элдин турмушун оңдош үчүн иштеп берсин. Жеке автоунаасын, жеке секретаршаларын, жогорку эмгек акыларын кайтарып алыш керек, ал эми жардамчылары коомдук башталышта, акысыз иштеп берсин. Жогорку Кенештин аппаратын кыскартуу менен сапатын жаңыртуу зарыл. Жогорку Кенештин аппаратына жогорку класстагы эксперттерди жакшы айлыкка ишке тартуу керек, алар мыйзам долбоорлоруна туруктуу мониторинг жана экспертиза жүргүзүшөт. Бүгүнкү күндө, көп акылгөй адистер чет элдик долбоорлордо иштешет. Мына ушул абалды түп тамырынан өзгөртүү кажет.

Ал эми эмгеги сиңген, акылман инсандарыбыз элге кызмат кылып берүүгө даяр жана  аткаруу бийлигиндеги чиновниктер коррупциясын, чынчыл иштешин көзөмөлдөп беришет. Жүрөгу ак депутаттар гана льготаларын же артыкчылыктарын жоготуп алуудан корпкпостон, тайманбай, принципиалдуу иштей алышат. Бул көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдүн далилденген тажрыйбасы.

Жогорку Кеңештин чыгымдарын үч эсеге кыскартуу – тышкы карыздан кутулуунун кепилденген ыкмасы. Ошол ачкөз депутаттардын принципсиз иш-аракеттеринен улам, мамлекеттин тышкы карызы көбөйгөн!

Жаңы Конституция боюнча бийликтин толук жоопкерчилигин гана эмес, ошондой эле тарыхый зор жоопкерчиликти өзүнө алып жаткан Кыргызстандын азыркы жетекчилиги, анын айланасындагылар жана командасынын негизги мүчөлөрү бир өтө маанилүү акыйкатты түшүнүп алышсын – сырты жалтырак, ичи калтырак болуп, калп көрүнбөстөн, акыйкат иштеш керек! Мына ошондо гана мурунку президенттер аткара албай кеткен эл мүдөөсүн аткарууга – Кыргызстанды өнүккөн, гүлдөп өскөн өлкөгө айландыруу вазийпасын аткаруу мүмкүнчүлүгү берилет!

Иманкадыр Рысалиев, экс-министр

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

47 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: