Кечээ, 9- майда Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Эрлан Абдылдаев совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин 76 жылдыгына карата Трептов паркындагы советтик аскердик мемориалга жана Тиергартен паркындагы советтик аскердик мемориалга гүлчамбарларды койду.
КМШга мүчө мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын башчылары, Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер федералдык министрлигинин статс-катчысы Мигель Бергер, ошондой эле бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Элчиликтердин кызматкерлери жана Берлин шаарынын тургундары гүлчамбар коюу салтанаттуу аземдерине катышышты.
Ушул жылдын 9-майындагы Жеңиш күнүнө карата гүлчамбарларды коюу аземи Франкфурт/Майне шаарында да болуп, ага Кыргыз Республикасынын консулу Данияр Төлөгөнов катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ