Menu

Түркмөнстанда миңден ашык киши мунапыс менен эркиндикке чыкты

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда Кадыр түнгө байланыштуу камактагы 1035 киши мунапыс менен эркиндикке чыкты. Алардын 982си түркмөнстандык, калган 53ү чет өлкөлүк жарандар.

Ырайым алгандардын арасында саясий туткундар менен абийир туткундарынын бар-жогу белгисиз. Бирок «Иегово күбөлөрүнүн» бүткүл дүйнөлүк уюмунун (World Witness) басма сөз катчысы Жаррод Лопес мунапыс менен алардын 16 мүчөсү эркиндикке чыкканын билдирди.

«Президент ырайым бергендердин арасында «Иегово күбөлөрүнүн» 16 мүчөсү бар. Алардын баары диний көз караштарынан улам аскерде кызмат өтөөдөн баш тартканы үчүн соттолгон», — деди Лопес.

Түркмөнстанда диний көз караштарынан улам армияга баруудан баш тарткандар үчүн альтернативдүү кызмат өтөө каралган эмес. Кылмыш кодексинде аларды эки жылга чейин коомдук жумуштарда иштетүү же эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазалары бар.

Быйыл январда World Witness уюму Түркмөнстанда жаза мөөнөтү аяктаган «Иегово күбөлөрүнүн» тогуз мүчөсү кайра соттолгонун кабарлаган.

Түркмөнстанда 2020-жылы декабрда Бейтараптык күнүнө карата камактагы 2082 киши мунапыс менен эркиндикке чыккан. Алардын арасында төрт чет өлкөлүк жаран болгон. Өлкө бийлиги ондогон жылдардан бери саясий туткундар жана абийир туткундары деп эсептелип келген адамдарга мунапыс бербей келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: