Menu

«Талибан» Орозо айтка байланыштуу ок атууну токтоторун билдирди

Бөлүшүү:

«Талибан» кыймылы Орозо айт майрамына байланыштуу үч күн ок атууну токтото турганын билдирди.

«Талибандын» Катардагы саясий кеңсесинин расмий өкүлү Мухаммад Наимдин айтымында, жоочулар бейшембиден ишемби күнгө чейин кол салуу операцияларынын бардыгын токтотуу тууралуу буйрук алышты.

«Мындан тышкары майрам күндөрү тараптарга бири-биринин көзөмөлүндөгү аймактарга кирүүгө тыюу салынат. Ошол эле малда «Талибан» өкмөттүк күчтөрдүн чабуулдары болсо, аларга жооп кайтара берет», — деди Наим.

Азырынча ооган президентинин аппараты талибдердин мындай чечими боюнча пикирин билдире элек. Бирок өлкөнүн Улуттук элдешүү боюнча жогору кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла «Талибандын» бул чечимин колдоду.

«Бул демилге күнөөсүз мекендештер шейит кетип, улуттук аза күтүү күнү жарыялангандан кийин айтылганына карабастан, башка адамдардын өмүрүн сактоо үчүн биз аны колдойбуз», — деп жазды кеңештин басма сөз катчысы «Твиттер» баракчасына.

8-майда Кабулдагы мектептердин биринин жанындагы жардыруудан кеминде 68 киши мерт болуп, 165тен ашыгы жаракат алган. Өлгөндөрдүн көбүн окуучулар түзөт. Азырынча бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: