Menu

Баткендиктерге 117 документ тез арада калыбына келтирилет

Бөлүшүү:

МККнын кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак учурунда жапа чеккен жарандарды документтештирүү боюнча иштерди жүргүзүштү. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Алардын айтымында, Көк-Таш, Максат айылдарында жана Баткен шаарында мобилдик калкты тейлөө борборлору тез арада жоголгон документтерди калыбына келтирүү боюнча арыздарды алышты.

49 паспорт (ID-карта), 34 туулгандыгы тууралуу күбөлүк, 10 нике күбөлүгү, 12 айдоочулук күбөлүк, 1 транспорттук каражатты каттоо жөнүндө күбөлүк, 7 өлүм жөнүндө күбөлүк – алардын алтысы калыбына келтирүү, бирөөсү жаңыдан алуу боюнча арыздар кабыл алынды. Мобилдик топтун кызматкерлери бардык керектүү формаларды толтуруп, сүрөткө тартып, керектүү маалыматтарды топтошту.

Мындан тышкары, Бишкектик ТжОИИБдо Калкты тейлөө борборунун мобилдик тобу Баткен коогалаңында ID-паспортторун жоготкон төрт жаранды документтештирүү кызматын жеринде көрсөттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: