Menu

Кылымга тете жашаган Анипа апага “Офицердин жубайы” медалы тапшырылды

Бөлүшүү:

Чүй облусунун ИИББдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги А.Асанов кылымга тете жашаган Кабенова Анипа апага “Офицердин жубайы” медалын тапшырды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Кабенова Анипа апанын жолдошу Кабенов Молдоакмат ата ички иштер органдарында кызмат өтөп, милициянын капитаны наамына жеткен. Кабенов Молдоакмат ата 1923-жылы Чүй облусунун Чүй районунда туулган. Ал жашынан эле оор турмушту башынан өтөрүп, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Согуш талаасынан аман-эсен кайтып, кийин өз эли үчүн кызмат кылуу максатында жогорку билим алып, ички иштер органдарында кызмат өтөгөн. Молдоакмат ата жумушуна байланыштуу, Чүй жана Нарын облустарында эмгектенип, акыркы жылдары Ысык-Ата райондук жана Токмок шаардык ИИБдөрдүн жетекчилик кызматтарында кызмат өтөп ардактуу эс алууга чыккан. Анипа апа Чүй облусунун Чүй районунда 1923-жылы туулган. Апабыз согуш мезгилинде орукта эмгектенип турмуштун баардык сыноолорунда чыйралган. Молдоакмат атанын кызматтан жогорулап, жетишкен ийгиликтерине Анипа апанын эмгеги өтө чоң экендиги талашсыз. Офицердин жубайы болуу канчалык түйшүктүү жана сыймыктуу экенин каарманыбыз эң мыкты билет. Себеби, жолдошунун жумушуна байланыштуу балдарын ээрчитип алышып, Чүй жана Нарын облустарында көчүп-конуп иштеп жүргөн күндөрү көз алдында экенин кошумчалады. Ошентсе да, балдарынын жогорку билим алуусу үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап төрт баласын тең жогорку окуу жайларга окутушуп, өз алдынча турмуш жолуна узатышкан.

Анипа апанын балдарынын улуусу учурда 75 жашка барып калган. Ал Кабенов Аскарбек өмүр бою автобазада эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан, кийинки баласы Кабенов Сталбек жол тейлөө кызматында иштеп учурда ардактуу эс алууда. Кыздарынын бири Кабенова Жамиля саламаттыкты сактоо
тармагында көп жылдан бери эмгектенип келсе, кенже кызы Кабенова Роза билим берүү тармагында 45 жылдан бери эмгектенип келет. Учурда Кабенов Молдоакмат атанын жолун жолдогон неберелери күч түзүмдөрүндө жана укук коргоо органдарында кызмат өтөшүп, полковник наамдарына жетишкени апабызды  чексиз кубанычка бөлөп келет. Анипа апа өз ден соолугуна мыкты кам көрүп жүргөндүктөн баскан турганы сүйлөгөнү тың. Ал башынан өткөн
окуялары тууралуу небере-чөбөрөлөрүнө айтканда ар бир окуянын жылдарына чейин унутпай айтып бергени менен баарын таң калдырып келет. Анипа апа жолдошунун каза болгонуна 40 жыл өтсө дагы, жолдошунун эмгегин эске алып, офицердин жубайы медалын тапшырып жаткан ИИОнун жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, ак батасын берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: