Кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн куралдуу жаңжалда каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө гуманитардык жардам жеткирилүүдө. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Кырдаалга байланыштуу түзүлгөн облустук штабдын чечими менен, гуманитардык жардамдарды туура бөлүштүрүү жана даректүү жеткирүү боюнча түзүлгөн облустук комиссия тарабынан, алардын ар биринин үй бүлөсүнө 25миң сомдук азык түлүк, кийим кечелер жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн акыркы окуяда 36 жаран каза болгон.
Бүгүнкү күнгө облуска жалпы 1613 тонна гуманитардык жардам келген. Анын 1383 тоннасы жарандарга таратылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ