Menu

Казакстандын чыгышындагы токтой өртүнөн өлгөндөр жана жабыркагандар бар

Бөлүшүү:

Чыгыш Казакстан облусунун Риддер шаарынын жанында токой өрттөнүп, жалын 310 гектар жерди курчады. Өрт калк жашаган жайларга жетип, аймактагы 35 үй күйүп кетти. Расмий маалыматка караганда, 1948-жылы туулган аял каза болду. Эки адам ооруканага жеткирилди.

Облустук Өзгөчө кырдаалдар департаментинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өрт өчүрүүгө 208 адам, 48 техника жана эки тик учак тартылы. Өрт курчаган аймакка 17 миң куб метр суу чачылды.

– Өрттү өчүрүүгө адам күчү менен каражат жетиштүү, – деп кошумчалады департамент.

Кырсык болгон аймакка кошумча үч автоцистерна менен 15 куткаруучу жөнөтүлдү.

Шаар тургундары Telegram мессенжеринде “Риддер ыктыярчылары” чатын түзүштү. Азыр бул чатка 424 киши кошулду. Ыктыярчылар жергиликтүү колледжде керектүү буюм-тайымдарды чогултушууда.

Тергөө өрттүн чыгышына атайлап өрт коюу жана өрткө кылдатсыз мамиле жасоо себеп болушу мүмкүн экенин билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: