Menu

Грузияда оппозиционер Никанор Мелия күрөө менен бошотулду

Бөлүшүү:

10-майда Тбилисиде шаардык сот “Бирдиктүү улуттук кыймыл” оппозициячыл партиясынын лидери Никанор (Ники) Мелияны акчалай күрөө менен абактан чыгарды.

Евробиримдик муну Грузиядагы саясий каатчылыктан чыгуу үчүн “маанилүү” кадам деп баалады.

Мелия 23-февралда 2019-жылы “Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу” беренеси менен козголгон кылмыш иши боюнча күрөө сумманы төлөгөн эмес деген айып менен камакка алынган. Анда оппозициянын миңдеген тарапташтары менен активисттер Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарынын катышуусу менен өтүп жаткан ”Праволсавиянын парламенттер ассамблеясынын” жыйынын үзгүлтүккө учуратуу максатында парламент имаратына кирип барууга аракет кылышкан.

“Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясынын лидери Никанор Мелия кыйноо актыларын уюштурууга жана ага катышууга айыпталууда. Сот аны күнөөлүү деп тапса, ал тогуз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: