Menu

Жайыл районунда бирөөгө бычак саюуга шектүү кармалды

Бөлүшүү:

Жайыл районунда бирөөгө бычак саюуга шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 7-май күнү Жайыл РИИБнө телефон чалуу болуп, болжол менен 35-40 жаштар чамасында эркек киши бычактан алган жаракатынан улам аймактык ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Жайыл РИИБдүн ыкчам тергөө тобу дароо окуя болгон дарекке чыгышып, териштирүү учурунда жабырлануучунун өзүгү аныкталып, ал 38 жаштагы У.Р. аттуу жергиликтүү жашоочу экендиги такталган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүруш иштери башталган. Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 58 жаштагы З.Ю. аттуу жаран кармалган.

Алдын ала териштирүү боюнча, кылмышка шектүү жаран менен жабырлануучу Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн биринде ичимдик ичип отурушуп, ортодо чыккан пикир келишпестиктен улам 58 жаштагы З.Ю. жабырлануучуга бычак сайып жибергени маалым болгон.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: