Menu

Кыргызстанда дагы 379 адамдан коронавирус жана пневмония табылып, 7 бейтап каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-майга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 379 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 240, Ош – 5, Чүй облусунан – 103, Ош облусунан – 1, Талас облусунан – 2, Нарын облусунан – 9, Ысык-Көл облусунан – 13, Жалал-Абад облусунан – 1, Баткен – 5. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 99 033 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 304 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 92 120га жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 191, Ош шаарынан – 5, Чүй облусунан – 75, Ош облусунан – 3, Нарын облусунан – 6, Ысык-Көл облусунан – 17, Жалал-Абад облусунан – 7.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 5, Чүй облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1667ге жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: