Көп кабаттуу үйлөрдүн терезелеринин жанында ойногон балдарына ата-энелер өтө сак болушу керек. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, ачылып турган терезелер кичинекей балдар үчүн кооптуу болушу ыктымал.
Жыл сайын жайында көп кабаттуу үйлөрдүн терезелеринин ачык болушунан балдарыбыз кулап кеткен каргашалуу окуялар кездешет.
Коопсуздук чараларын сактоо кырсыкты алдын алат. Көп учурда кичинекей балдар чоңдордун көзөмөлү жок учурда терезелерден кулап кетүүдө.
Ошондуктан балдарды кароосуз таштабагыла, өзгөчө терезе тарапта ойноп жатканда. Терезеге коюлган торлор дагы кырсыкты алдын ала албайт.
Терезелердин толук ачылбашы үчүн блокираторлорду орнотуңуздар”, – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ