Саясатчы Өмүрбек Бабанов коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.
“Ковидди жеңиш үчүн жалпы вакцинациялоо керек. Sputnik V же Синофармбы, ар ким өзү тандашы керек.
Мен бизде сунушталып жаткан Sinopharm менен вакцина алдым. Алганыма үч күн болду, кошумча эч бир симптом байкабадым.
Баарыңыздарды вакцина алууга үндөйм”, – деп жазган ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ