Menu

Өзбекстанда жаңы түзүлгөн Туризм жана спорт министрлиги кызматкерлерин жапырт бошотуу жараянын баштады

Бөлүшүү:

Өзбекстанда спорттук мектептердин директорлору Туризм жана спорт министрлигинен эмгек келишими токтотулганы тууралуу билдирүү катын алышты.

Катта жазылган чаралар иш жүзүнө ашса, министрликке караштуу спорттук мектептердин 250дөй директору, алалардын орун басарлары жана башкы бухгалтерлери жумушсуз калышат.

Туризм жана спорт министри А. Каримов кол койгон катта Өзбекстан президентинин 2021-жылы 6-апрелде кол койгон токтомунун негизинде Дене Тарбия жана спорт министрлиги менен Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитет жоюлуп, анын ордуна Туризм жана спорт министрлиги түзүлгөнү айтылат.

Министрлик Эмгек кодексинин иш берүүчүнүн демилгелери камтылган беренесине таянуу менен эмгек келишимин бузуп жатканын эскерткен.

Өзбекстанда юристтер министрлик жапырт түрдө өз кызматкерлерин жумуштан бошото албай турганын айтышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: