Menu

Швецияда тажик окумуштуусу сот аркылуу фамилиясынан орус суффиксин алып салууга аракет жасоодо

Бөлүшүү:

Жаш тажикстандык окумуштуу Муртазо Назаров фамилиясындагы орус суффиксин алып салуу өтүнүчү менен Швеция сотуна кайрылды. Ал арызында советтик мезгилде анын фамилиясына орус суффикси мажбурлоо менен берилгенин белгилеген.

Тажикстанда былтыр апрелде өлкөдөгү улуттук азчылыкты түзгөн жарандардан башка адамдардын аты-жөнүн жазганда «-ов/-ова» жана «-вич/-овна» деген орусчалашкан суффикстерди колдонууга тыюу салынган. Муртазо Назаров жана анын санаалаштары бул демилгени колдошкон, ошол эле маалда айрым тажикстандыктар, айрыкча Орусиядагы эмгек мигранттары буга каршы чыгышууда.

Муртазо Назаров швед сотунда анын тажик фамилиясы Сталиндин доорунда мажбурлоо менен орусчалашканын билдирген. Сот андан Сталиндин чечиминин көчүрмөсүн алып келүүнү сураган.

“Менин арызым азыр шаардык сотто каралууда, Соттук угуу өтүүдө, сот кандай чечим кабыл алары белгисиз”, деди ал.

2007-жылы президент Эмомали Рахмон фамилиясынын аягындагы «ов» суффиксинен баш тарткандан кийин өлкөдөгү башка аткаминерлер да ушундай кадамга барышкан. Бирок көп өтпөй миңдеген тажикстандыктар, негизинен эмгек мигранттары кайрадан фамилияларын орусчалаштыра башташкан. Алар Орусияда жумуш берүүчүлөр менен полиция кызматкерлери тажик ысымдары менен фамилияларын айырмалай албай жаткандыктарын айтышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: