Menu

Ысык-Ата районунда автоунаа урдоого шектүү кармалды

Бөлүшүү:

Ысык-Ата районунда автоунаа урдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-майда Ысык-Ата районунун ИИБнө Кант шаарынын жашоочусу 1995-жылы туулган М.Ю. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 10-май күнү анын «Фольсваген Гольф-3»  үлгүсүндөгү автоунаасын Ново-Покровка айылындагы көчөлөрдүн биринен белгисиз бирөө айдап кеткенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жогорудагы кылмыштын бетин ачуу максатында милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери  тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, мурда сотттолгон 1993-жылы туулган Г.Е. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Уурдалган автоунаа
табылып, айып төлөөчү унаа токтотуучу жайга коюлган.

Сотко чейинки өндүруш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: