Menu

Казанда мектепте ок атылып, тогуз киши мерт болгону кабарланды

Бөлүшүү:

Татарстандын борбору Казанда 11-майда №175 гимназиядагы ок атуудан тогуз киши мерт болгону кабарланууда.

Алардын бири мугалим болушу мүмкүн. Окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатышат, имарат курчалып турат. Окуучулар имараттын терезелеринен эвакуацияланган.

Орусиядагы «Интерфакс» агенттиги мектептин администрациясына шилтеме берип, гимназиянын окуучуларынын бири класска кирип ок ачканын жазып чыкты.

Ал эми башка маалымат каражаттары ок ачкан адам кармалганын кабарлоодо. Бул маалымат расмий түрдө ырастала элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: