Menu

Аламүдүн районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

Бөлүшүү:

Аламүдүн районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 8-май күнү Аламүдүн РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Достук айылындагы үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси табылгантыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге дароо Аламүдүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, аялдын жансыз денесин кароо учурунда дене жаракаттары байкалып, ал киши колдуу болуп каза болгондугу такталып, териштирүү учурунда жогорудагы аял 42 жаштагы С.Е. экендиги аныкталган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча  катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 38 жаштагы Р.И. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Алдын ала териштирүү учурунда, окуя болгон күнү каза болгон аял менен 38 жаштагы Р.И. ичимдик ичип отурушуп, ортодо чыккан пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, шектүү жаран каза болгон аялды бычак менен сайып жибергени маалым болгон.

Учурда баардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: