Кечээ, 10-майда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун иш аркеттерине каршы туруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, “Дөө Чыңгыз” каймана аты менен белгилүү Ч.Джумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүнүн атынан иш алып барып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү «И.Р.М.» жеке ишкерден 20 миң АКШ доллар талап кылып алып жаткан жеринен кармалды.
Кармалган «И.Р.М.» Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда алардын шериктерин жана башка соттолуучуларды кармоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ