Баткен областынын жабыркаган тургундарына Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ЖАМКнын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменттин өздүк курамы тарабынан дары-дармектер, азык-түлүк, жууркан-төшөнчүлөр, жуунучу жана өздүк гигиена каражаттары, кийим-кече, бут кийим ж.б. түрүндө гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аскер кызматкерлери четте калбастан бир күндүк айлык маянасын Баткен жергесинде жабыркаган жана көчүрүлгөн мекендештерге жардам көрсөтүү үчүн которушту.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ