“Кумтөр Голд Компани” ЖАКта орун алган эки окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
2019-жылдын 1-декабрында Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар кескин түрдө жылып, анын кесепетинен бульдозердин айдоочусу Ж.Ж. менен тоо бөлүмүнүн адиси О.И. жер көчкүнүн астында калып, каза болгон.
2021-жылдын 15-февралында “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын кенинде 1996-жылы туулган экскаватордун айдоочусу 1996-жылы туулган И.Ж. иш учурунда экскаватор менен кошо Петров көлүнө кулап чөгүп кеткен.
Бул фактылар КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 258-беренеси (Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча катталган.
2021-жылдын 3-майында Ысык-Көл облусунун прокуратурасы сотко чейинки өндүрүштү Ысык-Көл ОИИБдин Тергөө кызматына мындан аркы кошумча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жиберген.
Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча толук жана калыс иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Ысык-Көл ОИИБдин Тергөө кызматы 2021-жылдын 12-май күнү саат 11:00го күбө катары төмөндөгүлөрдү чакырган. Саймон Тан – “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын каржы боюнча директору, Деон Баденхорст – “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын президенти, Арипин Буман – “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын ташып келүүлөр тутумун башкаруу боюнча директор.
Алдын ала болжолдуу маалымат боюнча “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын жетекчилиги Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары чыгып кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ