Menu

Түштүк Корея менен Кыргызстан саламаттыкты сактоо жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-майда Кыргыз Республикасынын Кореядагы Элчиси Динара Кемелова Түштүк Кореянын Ёнсе университетиндеги Северанс ооруканасына  барып, анда Ёнсе университетинин саламаттык сактоо жаатындагы Президенти доктор Юн Донг Суп, Сеулдун клиникалык лабораториясынын Төрагасы доктор Ли Кён Рюл жана академиялык, ошондой эле эл аралык иштер борборунун Директору, профессор Ан Шин Ги менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн коронавируска байланыштуу кырдаалды талкуулашты, кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча пикир алмашышты, анын ичинде Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институту боюнча долбоорго инвестиция салууну сунуштады. Ысык-Көл облусундагы биргелешкен диагностикалык борборлордун мүмкүнчүлүктөрүнө көңүлдү бурду.

Тараптар биргелешкен операциялар, медициналык персонал менен алмашуу жана кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу зарылдыгын белгилешти. Элчи медициналык жабдуулар түрүндө кыргыз ооруканаларынын потенциалын жогорулатууга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

+ 36 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: