Menu

«Мөл-Булак» кичи насыя компаниясы чек арадагы окуядан жабыр тарткан 130 жарандын насыясын кечти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-майда КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен облусунда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн банктардын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүл, банк жетекчилери менен бирге, кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуяларда каза болгон, ден соолугунан жабыркаган жана  турак жайсыз калган жарандардын, банкттан алган насыялары боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кароо маселесин талкуулашты. 

Облус башчысынын сунушун дээрлик бардык банкттар колдой тургандыктарын, банк тарабынан насыяларды кечүү эле эмес, керектүү жардамдарды көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. 

 «Мөл-Булак» кичи насыя компаниясы 130 жарандын насыясын кечкенин билдирди. Анын 126сы чек арадагы окуяда ар кандай жараат алгандар болсо, 4 каза болгон. Ошондой эле каза болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө 25миң сомдон, жараат алган 154 жаранга 10миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлгөнүн айтышты. 

Ошондой эле ФИНКА кичи насыя берүүчү компаниясы чек ара айылдарынын бирине ФАП куруу боюнча чечим кабыл алгандыктарын билдиришти.  

Башка бардык банк жетекчилери, бул боюнча маселелерди карап жатышканын, банк кызматкерлери окуядан жабыр тарткандарга бир күндүк 

маяналарын которушаарын айтышты. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: