Жогорку соттун соттук коллегиясы Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевдин бир тууганы – Каныбек Бакиевге карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды. Бул тууралуу журналисттерге Жогорку соттон кабарлашты.
Белгиленгендей, 2021-жылы 27-апрелде Каныбек Бакиевге карата Жалал-Абад шаардык сотунун 2020-жылдын 25-мартындагы жана Жалал-Абад облустук сотунун 2020-жылдын 10-декабрындагы өкүмдөрү толугу менен жокко чыгарылган.
Кылмыш иши боюнча материалдар толук иликтенбегендиктен, процессуалдык мүчүлүштүктөр болгондугунан улам иш Жалал-Абад шаардык сотуна жаңыдан кароого жиберилди.
Прокуратуранын арызы канааттандырылган. Жактоочунун Бакиев Каныбек Салиевичти толугу менен актагандыгы жөнүндө кассациялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды.
Белгилей кетсек, Каныбек Бакиев 2005-жылы Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын башчысы болуп иштеген. Ал 2009-жылга чейин үйлөрдү куруу үчүн жер тилкелерин бөлүштүрүү боюнча комиссиянын төрагасы болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, жер тилкелерин алган жарандар жергиликтүү тургундар эмес болчу.
2020-жылдын март айында Жалал-Абад шаардык соту Каныбек Баикевди “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан. Экинчи инстанция 2020-жылдын декабрь айында бул өкүмдү өзгөртүп, Каныбек Бакиевге 4 миллион сом айып пул салган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ