Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2021-жылдын январь-апрель айларында 12 млрд 20,7 млн сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.
Белгиленген план 103,2 %га аткарылды же 370,7 млн сомго көп жыйналды.
2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 1 млрд 637,1 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 115,8 %ды түздү.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ