Menu

Кара-Суу районунан Баткенге 700 000 сом акчалай жана 6 жүк ташуучу унаа менен түрдүү гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Бөлүшүү:

Ош облусунун Кара-Суу районунда жаштардын демилгеси менен 16 айыл өкмөт элинен чек ара окуясынан жабыр тарткандар үчүн атайын гуманитардык жардам чогултушуп, 700000 сом акчалай 6 жүк ташуучу унаа менен күнүмдүк жашоодо колдонулуучу каражаттар, азык-түлүк, кийим кече, идиш, аяк көрпө-төшөк жана килемдер жөнөтүлдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, администрация кызматкерлери жана жергиликтүү жаш ыктыярчылар катышты.

«Элибиз аябай берешен калк экенин далилдешти. Кыйын мезгилде баткендик бир туугандырыбызды унутта калтырбай, ар кандай материалдык жардамдарды жөнөтүүдө. Бай барынчы жок алынча беришүүдө. Жарткан Алла Таала шейит кеткен бир туугандарбызды бейиштик кылсын»,-деди Абдирашит ажы Батыров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: