Menu

Тергөө кызматы «Кумтөрдүн» жетекчилерин суракка чакырды

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кумтөр кенинде буга чейин болгон кырсыктарга байланыштуу «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын жетекчилерин суракка чакырды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

2019-жылдын 1-декабрында Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар көчүп түшкөн. Кырсык болгон учурда иштеп жаткан тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков менен бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев жер көчкүнүн астында калып, каза болушкан.

Ошондой эле 2020-жылдын 15-февралында «Кумтөр Голд» ишканасында экскаватор айдап иштеген 25 жаштагы Жеңиш Ибраимакунов иш учурунда экскаватору менен кошо Петров көлүнө кулап чөгүп кеткен.

Бул фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 258-беренеси («Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу») менен катталган.

2021-жылдын 3-майында Ысык-Көл облусунун прокуратурасы сотко чейинки өндүрүштү Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына мындан аркы кошумча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жиберген.

Бул фактыларды иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн облустук милициянын Тергөө кызматы 2021-жылдын 12-май күнү саат 11:00гө күбө катары төмөндөгүлөрдү чакырган.

Саймон Тан – «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын каржы боюнча директору,

Деон Баденхорст – «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын президенти,

Арипин Буман – «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ташып келүүлөр тутумун башкаруу боюнча директор.

Милициянын баштапкы болжолдуу маалыматы боюнча «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилиги Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен.

«Кумтөр Голд Компани» компаниясынын вице-президенттери, ортоңку звенодогу менеджерлердин көбү жана чет элдик жумушчулары Кыргызстандан чыгып кетишкенин 11-майда Кыргызстандын Тоо-металлургчулар профсоюзунун төрагасы Элдар Тажибаев билдирген эле.

Кумтөр – Кыргызстандагы ири алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 96 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: