Menu

Сокулук районунда мал урдоого шектүү жаран кармалды

Бөлүшүү:

Буга чейин Сокулук РИИБнө уурулук фактысы боюнча бир нече жаран арыз менен кайрылышкан. Анда 2020-жылдын 17-22-27-декабрь күндөрү Сокулук районунун Чат-Көл айылынын жашоочуларынын сарайынан 7 баш кой уурдалгандыгы тууралуу билдиришкен. Келтирилген жалпы чыгым 70 миң сомду түзгөн.
Бул фактылар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Соклук РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 39 жаштагы Бишкек шаарынын жашоочусу О.Ы. аттуу жаран кармалып, тергөө абагына камакка алынган.
Териштирүү учурунда шектүү жарандын дагы бир шериги болгону аныкталып, анын өздүгүн тактоо боюнча ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: