Menu

Каракол шаарында белгисиз автоунаа жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен

Бөлүшүү:

10-май күнү Каракол шаардык милициясына жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, ушул эле күнү болжол менен саат 16.00 чамаларында Токтогул жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз ак түстөгү автоунаа аны сүзүп, окуя болгон жерден токтобостон качып кеткенин билдирген.
Натыйжада, алган жаракаты менен Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына медициналык жардамга кайрылууга мажбур болгондугун маалымдаган.
Аталган арыз Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 155-беренеси  (Автомототранспорттук каражаттардын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жабырлануучу адамга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Бир күндүк издөө иштеринин натыйжасында Каракол ШИИБ боюнча ЖКККБнын жол-кайгуул кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуну аныкташты. Айдоочу, 18-жаштык кыз болуп чыкты жана анын айдап жүргөн «Windom»  үлгүсүндөгү автоунаасы атайын токтотучу жайга киргизилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: