КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, облустук ооруканада дарыланып жаткан, чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан жарандардан кабар алды.
Облус башчысы жабыркаган жарандардын тез арада сакайып кетишин каалап, алардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн, мамлекет тарабынан бардык колдоолор көрсөтүлөөрүн билдирди.
Ыйгарым укуктуу өкүл облустук ооруканага болгон сапарында саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен жолугуп, аларды 5-май Эл аралык умай энелер күнү, 12-май Эл аралык медайымдар күнү менен куттуктады.
Абдикарим Алимбаев, өз сөзүндө, “Баткен облусу чек арада жайгашкан, стратегиялык аймак болгон үчүн, айрым учурларда аймакта орун алган түрдүү кырдаалдарда, жарандарыбыздын өмүрүн сактап калуу үчүн, дарыгерлер баатырларча күрөшүп келесиздер. Сиздерде эрдик жана эркттүүлүк деген улуу сапат бар. Биз баарыбыз сиздерге зор ишеним артабыз жана таазим этебиз. Элибиздин саламаттыгы, өлкөбүздүн башкы байлыгы. Татыктуу медициналык кызмат көрсөтүү, шарт түзүү, дарыгерлерге мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү, өлкөбүздүн артыкчылыктуу багыттарынын негизгиси” деп белгиледи.
Ошондой эле ишинен айырмаланган алдыңкы кызматкерлер, ыйгарым укуктуу өкүлдүн “Ардак грамотасы” менен сыйланышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ