Menu

Акылбек Жапаров: “Кумтөрдө” жумушчулар жашаган лагерди курууга кеткен чыгым 27,7 миллион долларга ашыкча көрсөтүлүп жазылган”

Бөлүшүү:

“Кумтөр” алтын кенинде жумушчулар жана жетекчилер жашоочу нөөмөттүк лагерь курулуп, подрядчикти тандоо боюнча тендердик документтер эч кимге көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу Акылбек Жапаров бүгүн, 12-майда Кумтөр боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, ал жердеги бир койко-орунду курууга 25000 доллар сарпталды деп чыгымдашкан.

“Бүгүн Москва аркылуу Россиянын Арктикалык зонасында мындай конуштун курулушунун баасы канча экенине кызыгып көрдүм. Орустар Арктикада мындай бир койка-орунду куруу үчүн 4000 доллар сарпташат экен. Кумтөрдө болсо 1500 койка-орун 28 миллион долларга курулган. Бирок, тендерге катышкан Казакстандын “Металл конструкциялар” заводу 1 чарчы метрди 630 долларга курабыз деп убада кылышкан. Бирок “Кумтөрдүн” жетекчилери 1 чарчы метрдин баасын 4 эсе жогору баалап, 1870 долларды түздү деп көрсөтүшкөн», – деди депутат.

“Жалпысынан бул лагердин курулушу 27,7 миллион долларга ашыкча бааланган. Биздин оюбузча, бул өзүнчө текшерүүнү талап кылат”, – деди Жапаров.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: