Menu

Акылбек Жапаров: “Кумтөр алтын кенин иштеткен “Центерра” компаниясы 2011-жылы өлкө президентин шайлоого учурунда Атамбаевге $10 млн бөлгөн”

Бөлүшүү:

Кумтөр алтын кенин иштеткен “Центерра” компаниясы Кыргызстандагы саясий процесстерге, шайлоолорго таасирин тийгизип турган. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров бүгүн, 12-майда “Кумтөр” боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыктарын элге жарыялоо учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2011-2012-жылдары “Центерра”  компаниясы тарабынан демөөрчүлүк деп бөлүнгөн акча каражаттары бюджеттик жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдарын бузуу менен казына тутумунан тышкары колдонулган. Ошентип, мамлекеттик органдардын чыгымдарды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

2011-жылдын сентябрь айында “Центерра” демөөрчүлүк жардам катары “РСК-банкка” 10 миллион доллар которгон экен, бирок бул акчалар казына тутумунан тышкары сарпталган. Ушул каражаттын эсебинен курулуп жаткан курулуш объектилеринин тизмеси ошол кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаев тарабынан 2011-жылдын 13- жана 23-сентябрында шайлоо алдындагы үгүт учурунда жана 2011-жылдын сентябрь-октябрь айларында Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдында бекитилген.

“Башкача айтканда, “Центерра” саясий процесстерге одоно кийлигишип, биздин өлкөнүн шайлоочуларынын президентти тандоосуна таасирин тийгизди. Ошол кездеги курулуш объектилеринин тизмесин Каржы министри жана Жогорку Кеңеш бекитиш керек болчу, бирок андай болгон эмес, алардын ордуна президентикке талапкер Атамбаев өзү каалагандай бекиткен, – деди депутат Акылбек Жапаров.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: