Menu

Акылбек Жапаров: “Темир Сариев “Кумтөр” боюнча мамкомиссиянын төрагасы болгондо компанияга 6,7 млрд сом айып пул салып, ал эми премьер-министр болгон кезде ал сумманы өндүргөн эмес”

Бөлүшүү:

“Кумтөр” алтын кени боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 12-майда мамлекеттик комиссиянын жыйынында каржы-экономикалык бөлүк боюнча алдын ала жыйынтыктар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, 2013-жылы Экономика министри Сариев башында турган «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАК тарабынан жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун ченемдери жана талаптары менен шайкештигин иликтөөнү текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын отчетунун “Мамэкотехинспекциянын корутундулары жана сунуштары” бөлүмүндө “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн улам (таштандыларды мөңгүлөргө уруксатсыз төккөн) экологияга келтирген зыяны боюнча 6 миллиард 698 миллион 900 миң сом гана доо койгон, бул бүгүн Октябрь райондук соттун биринчи чечиминен кыйла аз (261 миллиард сом), ал буга чейин сот тарабынан таанылган.

«Бирок, буга карабастан, мамлекеттик органдардын шалаакылык мамилесинен улам, бул сумма өндүрүлгөн жок. Сариев мамлекеттик комиссиянын төрагасы болгондо компанияга 6 миллиард 698 миллион 80 миң сомго айып пул салып, ал эми премьер-министр болгондо ал сумманы өндүргөн эмес”, – деди А.Жапаров.

2013-жылы Экономика министри Темир Сариев Кумтөр алтын кенин текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы катары “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” өндүрүштүк ишмердүүлүгүн текшерип, таштандыларды мөңгүлөргө уруксатсыз төккөндүгү үчүн компанияга 6 миллиард 698 миллион 900 миң сом гана айып пул салган.

2015-жылы Темир Сариев КР Премьер-министри кызматына жетип, бирок ошол өзү доо койгон 6 миллиард 698 миллион 900 миң сом айып пулду да өндүргөн эмес.

2021-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту ошол эле кылмышка – таштандыларды мөңгүлөргө уруксатсыз төккөндүгү үчүн компанияны 261 миллиард сомго доого жыкты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: