Menu

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова COVID-19дан вакцина алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Бишкек шаардык №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунда коронавирустук инфекцияга каршы «Спутник V» вакцинасын алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал калкты коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоо процессинин маанилүүлүгүн белгиледи жана жарандарды вакцинациялоо процессине активдүү катышууга чакырды.

«Бүгүн мен COVID-19 каршы вакцинанын биринчи дозасын алдым. Бир аз убакыт өткөн сон экинчи акыркы дозаны алам. Учурдан пайдалануу менен биздин медициналык кызматкерлерге чоң ыраазычылык билдирем. Учурда социалдык блоктогу иштин негизги артыкчылыктуу багыты катары өлкөнүн калкынын бардыгын, анын ичинде алыскы тоолуу райондордун тургундарын кошо тез арада вакцинациялоо болуп саналат. Вакцина бар, жаңы ташып келүүлөрдү уюштуруу үстүндө иш жүрүүдө. Биз вакцинанын жаңы партиясы өлкөгө тез арада келүүсү үстүндө иш алып баруудабыз. Жарандарды эмдөө пункттарына келип, вакцина алууга чакырам. Ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо жана ден-соолукту чыңдоо маанилүү», – деди Жылдыз Бакашова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: