Menu

“Кумтөр” боюнча мамкомиссия мамлекеттик бюджеттин эсебинен “Ала-Тоо Финанс” МККсын түзгөн адамдардын жоопкерчилигин кароону сунуштайт

Бөлүшүү:

“Кумтөр Голд Компани” тарабынан берилген 21 миллион доллар өлчөмүндөгү демөөрчүлүк каражат Өкмөт тарабынан “Ала-Тоо Финанс” микрокредиттик агенттигине жөнөтүлгөн”, – деп билдирди бүгүн, 12-майда “Кумтөр” боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров комиссиянын отурумунда.

“Ала-Тоо Финанс” микрокредиттик компаниясында насыяларды берүүдөгү көптөгөн мыйзам бузуулардан улам, мурда алынган 989,3 миллион сом (21 миллион доллар) демөөрчүлүк каражаттан 878 миллион сом “Айыл Банк” ААКна которулган, орто жолдон 110 миллион сомдон азыраак акча жок болуп кеткен,  бул акча кайда жоголгонун табуу керек. Ошол эле учурда, 2013-жылдын 14-майында, ЖКнын регламенти жана депутаттык этика боюнча комитеттин көчмө жыйынында биринчи вице-премьер-министр Оторбаев “Ала-Тоо Финанс” МКК өзүнүн насыя портфелинин 20%ын өз керектөөлөрүнө жумшагандыгын билдирди. Анын айтымында, бул аталган уюмдун жоюлушунун негизги себептеринин бири болгон”, – деди А.Жапаров. 

МККнын өз муктаждыктары үчүн өтө чоң чыгымдар болгон, 989 ​​миллион сомдун 197,9 миллион сомун өз муктаждыктарына жумшашкан”, – деди А.Жапаров.

“Мамлекеттик комиссия “Ала-Тоо Финанс” микрокредиттик компаниясын мамлекеттин эсебинен түзгөн адамдардын жоопкерчилигин кароо керектигин сунуштайт. Өкмөттүн ошол мезгилде эки мамлекеттик банкы болгон жана алар ал сумманы толугу менен өздөрү бөлүштүрө алышмак”, – деди мамкомиссиянын башчысы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: