Menu

Баткен облусунан 138 бала Ысык-Көлгө эс алууга барат

Бөлүшүү:

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Баткен облусуна келип, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары менен жолукту. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал балдар менен жакындан баарлашып, ар бирине бекем ден соолук, кең келечек каалады. Ошону менен катар жалпы 138 балага 3000 сомдон акчалай жардам көрсөттү.

Ассоль Молдокматова окуядан жабыр тарткан 138 баланы керектүү кийим кече менен камсыздап, 27-майда Ош аэропорту аркылуу Ысык-Көлгө, 10 күндүк эс алууга алып бараарын айтып, ата энелер менен макулдашты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

+ 38 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: