«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан ушул жылдын апрель айында эле чыгып кеткени белгилүү болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Ысык-Көл облустук милициясынын Тергөө кызматы «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын каржы боюнча директору Саймон Танды, компаниянын президенти Деон Баденхорстты, «Кумтөр Голд Компанинин» ташып келүүлөр тутумун башкаруу боюнча директору Арипин Буманды 12-майга суракка чакырган. Алар Кыргызстандан чыгып кеткендиктен суракка барган эмес.
«Ишти териштирүү учурунда алар суракка чакырылганга чейин эле Кыргызстандан чыгып кеткени аныкталды. Ал эми бирөө такыр эле Кыргызстандын аймагына кирбептир», – деди Усубакунов.
2019-жылдын 1-декабрында Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар көчүп түшкөн. Кырсык болгон учурда иштеп жаткан тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков менен бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев жер көчкүнүн астында калып, сөөгү табылбай калган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ