Menu

Баткен облустук администрация: Баткен району менен Өзбекстан республикасынын чек арасындагы абал көзөмөлдө

Бөлүшүү:

Кечээ, 13-майда, Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Сай айылы менен Өзбекстан Республикасынын Сох районунун Чашма айылынын жашоочусунун ортосунда, турмуш тиричиликке байланыштуу пикир келишпестик жаралып, мушташа кетишкен. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Натыйжада эки өлкөнүн чектеш айылынын элдери чек арага топтолгон.

Окуя болгон жерге Кыргызстан менен Өзбекстандын аймактык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып, элге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Баткен району менен Сох районунун чек ара жана ички иштер кызматкерлери, жеринде териштирүү ишин башташты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: