Menu

Кыргызстанда дагы 200 адамдан коронавирус жана пневмония табылып, 6 бейтап каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-майга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 200 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 124, Ош – 1, Чүй облусунан – 37, Ош облусунан – 7, Талас облусунан – 5, Нарын облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 15, Жалал-Абад облусунан – 6. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 99 845 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 235 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 92 953кө жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 166, Ош шаарынан – 4, Чүй облусунан – 45, Ош облусунан – 4, Талас облусунан – 3, Нарын облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 3, Жалал-Абад облусунан – 4, Баткен облусунан – 1.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 4, Чүй облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1687ге жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: