Menu

Өзбекстанда мурдагы ырчы президенттик шайлоого катыша турганын билдирди

Бөлүшүү:

Былтыр декабрда сахнадан кетерин жарыялаган мурдагы эстрада ырчысы Жахонгир Атажанов 12-майда Түркиядан Өзбекстанга кайтып келди.

“Эркин Европа” радиосуна берген интервьюсунда ал оппозициячыл “Эрк” партиясындагы ишмердүүлүгүн жанданта турганын айтты.

“Ошондуктан Өзбекстанга келдим. Менин максатым – президент болуу, артка жол жок”, – деди мурдагы ырчы.

Былтыр декабрда 42 жаштагы Жахонгир Атажанов “шарият мыйзамдарына туура келбегендиктен” ырчылык карьерасын токтотконун жарыялаган.

Өзбекстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, президенттикке талапкерлерди саясий партиялар гана көрсөтө алат.

Өзбекстанда президенттик шайлоо быйыл октябрда өтөт. 5-апрелде өлкөдөгү алгачкы оппозициялык партия деп эсептелген “Эрк” партиясы (Өзбекстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган) президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү ниетин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: