Menu

ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаевдин Башкы прокуратура тарабынан сунушталган Жазык-процесстик кодекстеги өзгөртүүлөр боюнча ой-пикири

Бөлүшүү:

Урматтуу кыргызстандыктар жана кесиптештер! 2019-жылы күчүнө кирген жаңы кодекстер кылмыш иштеринин бетин ачуунун жана иликтөөнүн сапатын жогорулатып, жарандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактайт деген ойдо болушкан. Бирок иш жүзүндө бул кодекстер менен иштеп келгенде биз көптөгөн көйгөйлөр менен катачылыктарга туш келдик. Муну эмне менен түшүндүрсөк болот:

-биринчиден, ыкчам кызматкерлер тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу деген түшүнүгү жок болуп кетти, ал каалаган убакта мурда соттолгон адамды же рецидивисттерди кайрадан иш бөлмөгө чакырып, кылмыштын алдын алуу максатында аны менен маектеше албайт;

-экинчиден, кылмыштуу топтордун, баңги кылмышкерлеринин, анын ичинде диний кылмыштардын алдын алуу боюнча ыкчам кызматкерлеринин ишинин концепциясы жок болуп кетти;

-үчүнчүдөн, укук коргоо органдарынын ыкчам бөлүмдөрү тергөөчүгө көз карандылыгынан улам, мурдагыдай эле, толук кандуу иштей алышпайт. Анткени аларга тергөө тапшырмаларын жана атайын тергөө амалдарын аткарууга гана ыйгарым укук берилип калган. Бул кылмыштуулуктун өсүшүнө жана жайылышына гана шарт түзөт;

-төртүнчүдөн, Жазык-процесстик кодексинин концепциясына ылайык, тергөөчүлөр кылмыштын бетин ачуу менен алектенишет, алар өз максаттары боюнча кылмыштарды иликтөөгө жана алынган ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжаларын укуктук формага беришет. Кылмыштар ар дайым ыкчам кызматкерлер менен гана ачылып келген;

-бешинчиден, азыркы учурда кылмыштуулукка каршы аракеттенүү механизминин бири болгон ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгүн алсыздандыруу жана жок кылуу аракеттери болууда;

-алтынчыдан, КМШ өлкөлөрүнүн ыкчам кызматтары менен алакалар үзүлдү, анын ичинде эл аралык деңгээлде, анткени советтик мезгилге чейинки өлкөлөрдүн ар биринде “Ыкчам-иликтөө ишмердүүлүк жөнүндө” Мыйзам күчүндө болгону менен, бизде учурдагы Жазык-процесттик кодекстин айынан жок. Бул толук эмес санап берген себептер. Жаңы Жазык-процесстик мыйзамды күнүмдүк жашоодо колдонууда өзүнүн натыйжасыздыгын жана алсыздыгын көрсөтүп койду. Эгерде муну азыр чече албасак, мындан ары дагы көйгөйлөр көбөйүп кете берет. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы сунуштаган Жазык-процесстик кодекси, азыркы кодекстин катачылыктарын кайталоодо. Башкысы, сунуш кылынган жаңылыктар негизинен кылмыштарды кугунтуктоо органдарынын, жактоочулардын, кылмыш жасаган деп шектелген жана айыпталуучу адамдардын иши үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, алардын ыйгарым укуктарын жана укуктарын чыңдоого, эң негизгиси, кылмыштуулук менен күрөшүү чаралары мамлекеттик тутумундагы ыкчам бөлүктөрдүн ордун жана ролун төмөндөтүүгө багытталган. Мамлекет кылмышкерлердин укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо менен алектенип жатат. Бирок бул учурда кылмышкерлерден жабыр тарткандарды коргоону эске албайгандай. Биринчи иретте мыйзамды аттап өткөндөрдү эмес, жабырлануучуларды коргошубуз жана колдошубуз керек.

Ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү-бул бардык алдын ала тергөөнүн, өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугунун негизин түзөт. Ал тергөөдөн айырмаланып, фактарлорду эске алып кылмыштуулук менен күрөшүүдө курч мүнөзгө ээ. Ушуга байланыштуу, ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү алдын ала тергөөнүн өз алдынча бир бөлүгү болушу кажет. Анткени бул биздин коопсуздукту камсыздоо үчүн зарыл.

Султан Жоошбаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: