Menu

Юрист Тимур Арыков милиция кызматкерин сабады деген шек менен кармалды

Бөлүшүү:

“Таза Шайлоо” Ассоциациясынын юристи Тимур Арыков милиция кызматкерин сабады деген шек менен кармалды. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, 12-майда Бишкектеги кафелердин биринен милиция кызматкерлерин чакырышып, эсепти төлөөдөн баш тарткан белгисиз адамга чара көрүүнү суранган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, аны борбордун Свердлов РИИБине алып кетишкен.

Эсепти төлөөдөн баш тарткан адам юрист Тимур Арыков экени аныкталган. Ал мас абалда болгон, ал милиция кызматкерлерине кол көтөрүп, сөгүп, тилдеген. Милиция кызматкери андан тынчтанып, коридордо күтүп турууну суранган. Ошол маалда кармалган адамдын ата-энеси келип, тергөөчүнүн иш бөлмөсүнө киришкен.

Милиция кызматкери Арыковду суракка алганы жатканда, ал күтүлбөгөн жерден тергөөчүгө кол салып, оозун жарып, формасын айрып салган.

Тимур Арыковго карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик кызматкерге күч колдонуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бүгүн, 14-майда Тимур Арыков Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда анын баш коргоо чарасы тандалат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: