Menu

Москва районунда автоунаа айдап качууга шектүү кармалды

Бөлүшүү:

Москва районунда автоунаа айдап качууга шектүү кармалды. Бул тууралуу чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

14-май күнү Москва РИИБүнө Беловодский айылынын жашоочусу арыз менен кайрылып, анын “Ниссан Примера” үлгүсүндөгү автоунаасын 14-майга караган түнү үйүнүн жанында токтоп турган жеринен белгиси бирөө айдап кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт
каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББдүн жана Москва РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын
натыйжасында Садовое айылындагы көчөлөрдүн биринен жогорудагы кылмышка шектелип, 1998-жылы туулган П.Е. аттуу жаран кармалган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандын Москва районунун аймагында эки автоунаа айдай качууга аракет кылуу фактысына тиешеси бар экендиги такталган. Кармалган жаран Москва РИИБдүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: