“Баткен” бажысынын кызматкерлери наркы 800 миң сомдон ашык болгон контрабандалык жүктү кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Бүргөндү айылында “Mersedes Benz Actros” үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен.
Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып
келе жаткан Республика Өзбекстанда өндүрүлгөн жалпы наркы 838125 сом болгон 24883 кг керамикалык плиткалар (кафель) табылган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРдин мыйзамдарына ылайык сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ